Site icon Reporter.kg

Венгриянын окуу жайларына кабыл алуу башталды

Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program стипендиялык программасына кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Кыргызстандын жарандары бакалавриат, магистратура жана докторантурада венгр же англис тилинде билим ала алышат. Конкурстук сыноолорго каттоо жана катышуу акысыз негизде жүргүзүлөт.

Талапкерлер 15-январга чейин катталуусу зарыл.

Толук маалыматты министрликтин сайтынан алууга болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version