Site icon Reporter.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Даярдыктар күч алууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биздин өлкөдө өткөрүүгө жана даярдоого арналган Уюштуруу комитетинин  жыйыны болуп өттү.

Күн тартибинде негизги уюштуруу маселелери камтылган: Оюндарды өткөрүүнүн так даталарын аныктоо (болжол менен 2025-жылдын 2-июнунда) жана өтүүчү жерлерди тандоо (Бишкек, анын ичинде Ынтымак Ордо жана Ысык-Көл), маданий-спорттук программанын концепциясын иштеп чыгуу жана жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн инновацияларды киргизүү. Ошондой эле инфраструктуранын даярдыгы, логистика, коопсуздук, маалыматтык камсыздоо, эл аралык кызматташуу жана волонтерлорду тартуу маселелери кеңири талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга иш-чаралардын планын тактоо, оюндардын бюджетин түзүү жана аларды эл аралык жайылтуу концепциясын иштеп чыгуу тапшырылды.

Exit mobile version