Вице-премьер Эркин Асрандиевден коронавирус табылды

Вице-премьер Эркин Асрандиевден коронавирус табылды

Вице-премьер Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьердин оорусу жеңил түрдө өтүп, учурда ал  обочолонуу шартында иштеп жатканы айтылат.

Мындан сырткары өкмөттүн аппарат жетекчиси Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов оорулуулар менен байланышта болгондуктан обочолонуу шартында иштеп жатышканы айтылат.

Буга чейин Абылгазиевди узатуу иш-чарасына чогулган өкмөттүн кызматкерлери аралыкты сактабай, беткапсыз сүрөткө түшкөнү коомчулуктун сынына кабылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>