Site icon Reporter.kg

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова кызматтан алынды

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматка быйыл апрель айында дайындалган.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Исмаилова бийликтин «Биримдик» партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.

Exit mobile version