Вице-премьер-министр: Дарыканаларда бет каптар жетиштүү, бирок саны азайууда — видео

Вице-премьер-министр: Дарыканаларда бет каптар жетиштүү, бирок саны азайууда — видео

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында дүйнөнү каптап жаткан коронавирус тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова маалымат берди.

Өмүрбекова коронавирустун алдын алуу боюнча Кыргызстанда атайын штаб түзүлгөнүн билдирип, аны өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеп жатканын белгиледи.

«Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Бүгүнкү күндө даарыканаларда вирустун алдын алууга коргонуучу каражаттар жетишерлик. Мындан тышкары жеке коргонуучу каражаттар менен аппараттарды алуу тууралуу башка мамлекеттер менен иштеп жатабыз. Бул эпидемия башталган күндөн тарта КРнын Тышкы иштер министрлиги элчиликтер менен биргеликте Кыргызстандын жарандары жүргөн мамлекеттерде коронавирустун жайылышына карата стандартуу текшерүүлөрдөн өтүп жатат. Башка мамлекеттерден келген ар бир жаран карантинге алынууда», — деди Өмүрбекова.

Белгилей кетсек, коронавирустан 2 760 адам каза болду. Бул тууралуу 26-февралга карата Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы маалымат жарыялаган.

80 миң 994 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми 30 миң адам дарыланып, ооруканадан чыгарылган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>