Site icon Reporter.kg

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жаңжал чыккан кыргыз-тажик чек арасына барат

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча Баткен облусуна барат. Өкмөттүн  маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиргендей, Разаков менен бирге Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да барат.

Учурда жаңжал чыккан Ак-Сай айылына Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана Ички иштер министринин орун басары барган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмодзода  абалды жөнгө салуу үчүн жолугушкан. Алар пикир келишпестиктин себебин аныктоо жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашышкан.

 

Exit mobile version