Вице-премьер-министрлер кыргыз-казак тилкесинде жүк ташуучулар менен жолугушту

Вице-премьер-министрлер кыргыз-казак тилкесинде  жүк ташуучулар менен жолугушту

Вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаков жана Замирбек Аскаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги кырдаал менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Алар жүк ташуучулар менен жолугушту.

Казак тараптын кошумча текшерүү боюнча бир тараптуу кабыл алган чараларынын жыйынтыгында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ак-Тилек автожол» өткөрүү жайынын жанында оор жүк ташуучу унаалар топтолуп калууда.

Буга чейин белгиленгендей, тармактык мамлекеттик органдар мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.

«Ушул жылдын башында «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү кырдаал татаалдашты. Биз кырдаалды өзгөчө көзөмөлдөп жатабыз. Жылдын суук мезгилинде чек арада убактылуу чектөө абалы түзүлгөнүнө байланыштуу жүк ташуучуларга шарт түзүү үчүн чатырлар тигилип, акысыз ысык чай берилүүдө. Мамлекеттик органдардын Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүү процесси уланууда», — деди вице-премьер- Жеңиш Разаков.

Жүк ташуучулар жолугушуу учурунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкеси аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү тоскоолдуктар жана чектөөлөр тууралуу айтып беришти.

Жүк ташуучулар менен жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө туш болгон кыйынчылыктардын кесепеттерин азайтуу, жаралган маселелерди чечүү жана көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өтүүдөгү бардык шарттарды түзүү тапшырмасы берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>