Вице-спикер Мирлан Бакиров дүйнөдө канча түрк тилдүү эгемен өлкө бар экенин билбейт— видео
5.03.2020 16:17
Дүйнөдө 90дон ашык түрк тилдүү эл болсо ошонун ичинен 4 гана элдин эгемендүү мамлекети бар. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Ал элди 5-март Ак калпак майрымы менен куттуктап, калпак тарыхый көчмөн кыргыз элинин маданиятынын көркөм дөөлөттөрүнүн бири экенин белгилеп өткөн.
[su_box title=”Тактоо!” box_color=”#5d2d80″]Дүйнөдө эгемендүүлүккө ээ болгон түрк тилдүү мамлекеттердин саны төрт эмес, алтоо. Алар: Түркия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан.[/su_box]
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.