Өзгөндө 10 жашар кызды өгөй атасы зордуктаганбы? Окуянын чоо-жайы

Өзгөндө 10 жашар кызды өгөй атасы зордуктаганбы? Окуянын чоо-жайы

Он жашар кызын өгөй атасы зордуктаганын айтып Өзгөндүк келин социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады. Ал анда кызынын тагдырына балта чапкан күйөөсүнө чара көрүү талабы менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден, президент Садыр Жапаровдон жардам сураган.

Ошондой эле кайрылууда жергиликтүү милиция чара көрбөй жаткандыгын да айткан.

Бул окуя боюнча Ош облустук милициясына кайрылганыбызда аталган иш боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлашты.

Ага ылайык, Өзгөн районуна караштуу Прогресс айылынын  29 жаштагы А.к.А. аттуу тургуну 25-январда 31 жаштагы Ж.З. аттуу күйөөсү сабагандыгы боюнча арыз жазып бул факты боюнча иш козголгон. Ал тергөөнүн жүрүшүндө ошондой эле 10 жаштагы кызына күйөөсү бөлмөнүн ичинде «ыпылас» аракеттерди жасагандыгы тууралуу билдирген.

“Тергөөдө 10 жашар кызга соттук — медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында өспүрүм кыздын денесинен жаракатар байкалбагандыгы, кыздык белгиси бүтүн экендиги, тууралуу корутунду чыккан”, — деп айтылат маалыматта.

Кыздын өгөй атасы бул окуя боюнча көрсөтмө берип, кызга карата эч кандай ыплас аракеттерди жасабагандыгын, өз баласындай мамиле кылаарын, аялы уруша кеткендигине байланыштуу өчөшүп, тергөөдө ага карата туура эмес маалыматтарды бергенин билдирген.

“Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш боюнча жаш кызга кошумча соттук-медициналык, психиатриялык, ал эми алынган ич кийимдерине соттук-биялогиялык, Ал эми апасына  жана өгөй атасына  соттук-психо-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Бирок корутундулары али чыга элек.  Аталган аялдын видеодо Өзгөн РИИБинин кызматкерлери тууралуу айткандары чындыка дал келбейт. Себеби сотко чейинки өндүрүш иши объективдүү жүргүзүлүүдө”, — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>