Site icon Reporter.kg

Видео: 29 жыл мурда эл туу жөнүндө кандай ойдо болгон (сурамжылоо)

Кыргызстанда депутаттар Нурлан Шакиев менен Улан Примов өлкөнүн туусун өзгөртүү тууралуу демилгелеп чыккандан кийин бул маселе коомчулукта кызуу талкууга алынды. Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эки депутаттын сунушун колдой турганын билдиргенден кийин талкуу андан да кызыды.

Тууну өзгөртүүгө коомчулуктун басымдуу бөлүгү каршы болуп, бийликти башка маселелерди чечүү менен алектенүүгө чакырууда. Бир топ жарандар бийликтин демилгесине каршылык көрсөтүү иретинде соцтармактарда Кыргызстандын туусу менен түшкөн сүрөттөрүн чыгарып жатышат.

Коомчулуктун тууну өзгөртүүгө каршы экенин журналисттер жүргүзгөн сурамжылоолордон да билсе болот. Журналисттердин суроосуна жооп бергендердин көпчүлүгү тууну өзгөртүүнү кереги жок деп эсептейт. Сурамжылоо демекчи Кыргызстан эгемендик алып, туу менен герб кабыл алынгандан кийин журналисттер элдин ой-пикирин угуп, сурамжылоо да уюштурушкан. Учурда өлкөдө туу маселеси актуалдуу болуп тургандыктан, соцтармактарга журналист Мыктыбек Арстанбек 1994-жылы туу жана герб тууралуу эл арасында жүргүзгөн сурамжылоосу чыкты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын туусу 1992-жылы 3-мартта жана герб 1994-жылы 14-январда кабыл алынган.

Туунун автору: Туунун түп нуска үлгүсү революция учурунда өрттөнүп кеткен

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version