Видео— Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелгендер Стамбулга алынып келинди

Видео— Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелгендер Стамбулга алынып келинди

Ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалгандар Адана шаарынан Стамбулга алынып келинди. 

Кылмышкерлерди кармап келген учурудун видеосун Түркиялык haberler басылмасы жарыялады.

Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалган Хусейн Ахметалиев жана Абдулла Энвер кыргызстандык болгон.  Ал эми Али Исбех  аттуу адам Сирянын жараны.

Азаттыктын иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманкананын алдынан атып кетишкен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам көз жумган.

Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден консулдукка тиешелүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Такталбаган маалыматтарга карганда унаа Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков таандык экени айтылууда.

Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгонун жарлыкка ылайык 12-ноябрда Эркин Сопоков кызматтан алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>