ВИДЕО — Алматыда кулаган учак видеого түшүп калган

ВИДЕО — Алматыда кулаган учак видеого түшүп калган

Казакстандагы Bek Air авиакомпаниясынын учагы кырсыкка кабылганы көзөмөл камерага түшүп калган. Кырсыктын видеосу учурда маалмат каражаттарына жарыяланууда.

Алматы аэропортунун маалыматына караганда, учак асманга көтөрүлгөндөн бир мүнөттөн кийин радардан көрүнбөй калып жерге кулап түшкөн.

https://youtu.be/6VmkzrhQlVk

Буга чейин казак бийлиги экипаждын катасы жана техникалык мүчүлүштүктөр учактын кыйрашына алып келиши мүмкүндүгүн билдирген

Эске салсак, 27-декабрь күнү кырсыкка учурган Алматы — Нур-Султан каттамындагы «Fokker-100» учагында 95 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү болгон.

Кырсыктан 12 адам каза таап, 40тан ашык киши жабыркаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>