Видео — Баткендеги чек ара жаңжалында аскер кызматкерине ок тийди

Видео — Баткендеги чек ара жаңжалында аскер кызматкерине ок тийди

Баткендин Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан улам аскер кызматкери октон  жаракат алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Саат 11:30 чамасында жаңжалды жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү жүрүп жатканда тажик тараптан белгисиз адамдар кыргыз жарандарына карай таш ыргытышкан. Кыргыз тарап жооп кылып,  тажиктердин 2 унаасынын айнегин талкалап салган.  Саат 11ге жакын тажик тараптан ок атылып, ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери жаракат алган.

Азыркы тапта сүйлөшүүлөр токтоп, эки тараптын бийлик өкүлдөрү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Буга чейин Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү  тургундар арасында кайрадан жаңжал чыкканын.  Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген.

[su_image_carousel source=»media: 16317,16318,16319″ limit=»36″ crop=»none»]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>