Бишкекте, 17-сентябрда тез жардам кызматынын кызматкерлери сабалды. Бул тууралуу Бишкектеги Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов билдирди.
Окуя Тез жардам борборунда болгон.
Борисовдун айтымында, 17-сентябрда кечинде бейтап аялдын күйөөсү тез жардамдын кызматкерлерине кол салган. Алгач аталган борбордун ичинде бир дарыгерди жерге кулатып, андан кийин короодо достору менен сабаган.
Бул окуя боюнча медицина кызматкерлери милицияга кайрылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз