Бишкекте тургундар мамлекеттик органдарды Горький менен Кара-Көл көчөсүндөгү ботаникалык бакчанын жанында көп кабаттуу үйдү салып жаткан компания жашыл зонанын аймагында дагы курулуш иштерин жүргүзүп-жүргүзбөгөнүн текшерип берүүнү суранат. Бул боюнча алар Reporter.kg’ге кайрылды.
Алардын айтымында, Кара-Көл көчөсү 2а дарегинде былтыр көп кабаттуу үй салына баштаган. Турак жай тургузулуп жаткан жер Горькийдеги ботаникалык бакчага жанаша турат. Компания курулуш иштерин бакчанын түндүк-чыгыш тарабына өтө жакын жүрүзүүдө.
«Ошондуктан курулуш компаниясы ботаникалык бакчанын жерине өтүп кетип, курулуш жүргүзүп жатабы деп чоочулоодобуз. Жашыл зонага ушунча жакын салууга болобу? Мамлекеттик органдар текшерип көрсө», — дейт алар.