Site icon Reporter.kg

Видео: Үйүнөн күчтөп чыгарылган үй-бүлө президентке кайрылды

Бишкектин Рухий-Мурас конушунда, соттун чечими менен 7-мартта үйүнөн күч менен чыгарылган үй-бүлө президентке видеокайрылуу жасады.

Үй ээсинин уулу Кубандык Камалов алдамчылардын айынан үйүнөн ажырап калганын айтып, президентттен маселенин чоо-жайын түшүндүрүп берүү үчүн жолугушууну суранды.

«7-март күнү, соттун адилетсиз чечимине байланыштуу, 2005-жылдан бери жашап жаткан үйүмдөн ажырап калдым. Кошуналарыбыз күбө. Үйдөн баарыбызды, кийим-кече, буюмдарды чыгарып, үйдү жаап салды. Азыр үйдүн ичине көзөмөл үчүн атайын күзөтчүлөрдү коюп койгон. Өзүбүздүн үйүбүзгө өзүбүз кире албайбыз. Кошуналар боз үй тигип берген. Өзүмдүн эки балам, ата-энем болуп, аргасыздан боз үйдө жашаганга туура келип жатат. Сизден суранабыз, бул маселени карап, бизди кабыл алсаңыз. Бизде алдамчылык боюнча видео, жазуу түрүндө фактылар бар. Ошол тууралуу кенен айтып бермекпиз», — деди ал.

Аталган жарандын атасынын айтымында, алар тарттырып койгон үйүн маңдай териси менен салган.

«Биз алдамчы адамдардын колуна түшүп калдык. Канча жерге кайрылдык, башкы прокурор Курманкул Зулушевге да арыз менен киргенбиз. Бардык жерге кайрылдык жыйынтык жок. Жыйынтыгы үйүбүздөн ажырап, көчөдө калдык. Алты неберем бар, ар кими ар кайсы жакта жашап жатат», — дейт ал.

Ал бул кыйын кырдаалда кошуналары колдоо көрсөтүп, боз үй тигип бергенин айтып, аларга ыраазычылыгын билдирди.

Сөзүн улай ал президенттен бул маселени чечип берүүнү суранды.

«Элдин эң жетишкен ажобуз деп сыймыктанып, колдоп жүрөбүз. Эми ушундай абалга келип калдык. Бул маселени эртерээк чечип берүүнү суранабыз. Сот, мыйзам жагында иштегендерден эч кандай жыйынтык чыкпай жатат. Айлабыз кетип, сизге кайрылууга туура келди», — деди ал.

Reporter.kg’ге Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, Октябрь райондук соту 2020-жылдын 20-январында Бишкектин Рухий-Мурас конушунда жашаган Д.Г., Д.Ч., Ч.Н., К.К., Ч.Г., А.Б. аттуу жарандарын үйүнөн мажбурлап чыгаруу тууралуу чечим чыгарган.

1-мартта милицияга Октябрь райондук соттук аткаруучулар кызматы кат менен кайрылып, 7-мартта саат 10:00до соттун чечимин мажбурлап аткаруу болору тууралуу билдирген. Ага байланыштуу соттун чечимин аткаруу маалында коомдлук тартипти кароо үчүн милициянын участкалык кызматкерлери жөнөтүлгөн.

«Болгон окуя каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Териштирүү иштеринин алкагында милицияга Д.Ч. аттуу жаран жеткирилип, ал менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Андан кийин чакыруу боюнча келүү милдети менен ал кое берилген», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version