Site icon Reporter.kg

Видео: Боксчу Сейитбек уулу Парижде утулат деп билети эрте алынганбы? Расмий жооп

Бүгүн, 13-августта Бишкекке Париждеги Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар кайтып келди. Борбор калаадагы эски аянтта спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өтүп, андан кийин Тарых музейинде маалымат жыйын уюштурулду.

Маалымат жыйында боксчу Мунарбек Сейитбек уулуна тиешелүү коомчулукта кызуу талкууланган маселе боюнча суроо берилди. Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарда «Сейитбек уулу чейрек финалдык беттешке чыга электе эле ага Кыргызстанга кеткенге учак билети алынган» деп айтылып, «Бокс федерациясы, Спорт департаменти боксчунун ийгиликке жетерине ишенген эмеспи?!» деген талкуулар жүргөн. Бул боюнча журналисттердин бири Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомуновго суроо узатты.

Абдымомунов соцтармактагы сөздөрдү төгүндөп, жалган экенин билдирди. Анын айтымында, артка кеткенге учак билети спортчу катышып жаткан мелдеш аяктаган күнгө карап алынат. Мисалы жарыштарга биринчилерден болуп катышкан суучулдарга, дзюдочуларга билет жарыштар аяктаган күнгө эсептелип алынган.

«Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова башында күрөштү (күрөш боюнча мелдештин биринчи күндөрүндө — ред.). Алар байгеге жеткенден кийин 13-августта команда менен барат деп алардын билетин алмаштырдым. Мунарбек Сейитбек уулунун мелдештери 11-августка караган түнү аяктамак. Билет ошол күнгө алынган. Башкы машыктыруучулар өзүнүн программасын карап, кайсы мелдеш качан бүтөрүн көрсөтүп Улуттук Олимпиада комитетине арыз берет. Билеттерди ошого карап алабыз. «Финалга чыгабы, жарым финалда утулабы?» дегендер жалган маалымат», — деди ал.

Эскерте кетсек, боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада ондарында күмүш байге утту. Ал Кыргызстандын тарыхында Олимпиадада байге алган биринчи боксчу болуп калды.

Exit mobile version