Site icon Reporter.kg

Видео: Депутат Оштун мэрин эл шайлашына каршы. Себеби

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын мэрин калаа тургундары тарабынан шайлоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору бир нече депутат, анын ичинде Жанар Акаев тарабынан даярдалган.

Мыйзам долбоорунда Бишкек шаарында гана мэрди шайлоо сунушу камтылгандыктан, айрым депутаттар Ош республикалык маанидеги шаар экенин айтып, Ошто да мэр эл тарабынан шайланышы керектигин айтышты.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу кесиптештеринин сунушун колдобой турганын билдирди.

«Ошто (калктын — ред.) 60%ын өзбек улутундагылар түзөт. 2010-жылы өзбек менен кыргыз согушуп, араң калганбыз. Мэрди шайлайбыз деп дагы жаңжалга келиштин кереги жок. Азыр өзбек бир туугандарыбыз менен кыргыз элибиз өтө жакын мамиледе, бир туугандай болуп турган кезде, эртең мэр шайлоодо саясий технолог, саясатчылар чыгып, улуттар аралык жаңжалга алып барышы мүмкүн. Андыктан аярлап, абайлап мамиле жасашыбыз керек. Мен өзбек улутун жакшы көрөм, бир туугандарыбыз. Бирок мэр шайлоодо, саясатта үчүнчү тарап, бузукулар чыгышы мүмкүн экен», – деди ал.

Сөз аягында депутат болгонун болгондой айтып жатканын билдирип, журналисттерди сөздү бурмалабоого чакырды.

Талкуудан кийин депуттар мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version