Site icon Reporter.kg

Видео: Казакстанда полиция унаасы бузулган кыргызстандык айдоочуга жардам берди

Казакстанда полиция кызматкерлери жүк ташуучу унаасы бузулган кыргызстандык айдоочуга жардам беришти. Бул тууралуу Polisia.kz билдирди.

Маалым болгондой, 3-январга караган түнү Темирлан Ибраев жана Танат Дүйсенбаев аттуу полиция кызматкерлери, Астана – Петропавловск жолунун 94-чакырымында, Кыргызстандан Екатеринбургга бара жаткан 57 жаштагы кыргызстандык айдоочунун унаасы бузулуп калганын байкашкан: унаанын генераторунун куру үзүлүп кеткен.

«3-февраль күнү эртең менен полиция кызматкерлери айдоочуга бузулган тетикти алып келип берген. Айдоочу жардамга келген тартип сакчыларына ыраазычылыгын билдирип, сапарын улаган», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version