Site icon Reporter.kg

Видео: Кыргызстандык эки балбан эл аралык мелдештин финалына чыкты

Кечээ, 3-ноябрда Казакстанда башталган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште эки кыргызстандык балбан финалга чыкты. Бул тууралуу Казакстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Мамлекеттик ишмер Динмухамед Кунаевдин 110 жылдыгына арналган мелдеш Тараз шаарында өтүүдө. Анда эркин күрөш боюнча балбандар Эрназар Акматалиев (70 кг) менен Алмаз Сманбеков (57 кг) финалга чыккан.

Акматалиев финалда америкалык Тайлер Бергер менен күрөшөт, ал эми Сманбеков Мейрамбек Картбай менен күч сынашат.

Финалдык беттештер бүгүн кечинде болуп өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталдыңыз

 

Exit mobile version