Site icon Reporter.kg

ВИДЕО — Орусияда жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза тапты

Орусиянын Новосибирск облусунун Ордынс районундагы жол кырсыгынан 2 кыргыз жараны каза болду. Бул маалыматты окуянын күбөлөрү билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык, 21-декабрь күнү кечке маал болгон. 

Анда Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа Новосибирсктен Бишкекти көздөй баратып, ToyotaTown Ace унаасы менен  кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен  Daewoo Nexia`нын айдоочусу жана дагы бир жүргүнчү окуя болгон жерден каза болгон.

Орусиянын маалымат каражаттары кабарлагандай, каза болгон унаадагы айдоочу 31 жашта болгон. Ал эми экинчи унаадагылар ооруканага жеткирилген.

Exit mobile version