Site icon Reporter.kg

Видео: Ошто ок-дары жана гранаталар сакталган жашыруун жай табылды

Ош облусунда ок-дарылар жана жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, ок-дарылар менен жардыргыч заттар 30-майда Өзгөн шаарынын четинен табылган.

«8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы (запал УЗРГМ), 5,45 мм калибрдеги 114 патрон, 7,62 мм калибрдеги 46 патрон, 9 мм калибрдеги 1 патрон (Глок тапанчасынын), 7,62 мм калибрдеги 1 гильза табылып алынды. Табылып алынган ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version