Site icon Reporter.kg

Видео: Президенттин кеңешчиси «эркекче» деген сөзү үчүн эскертүү алды

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Элдик курултай» тууралуу конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, бирок кайра күн тартибинен алынды.

Жыйында мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев баяндама жасады.

Депутаттар талкуу учурунда мыйзам долбоорунда алар тараптан берилген сунуштар эске алынбай, өзгөртүүлөр киргизилбегенин сынга алышты.

Алардын катарында депутат Медербек Алиев да өз сунушун айтып, экинчи окууда парламент менен курултайдын ортосундагы айырма тууралуу түшүнүк так берилиши зарыл экенин белгилеп, баяндамачылар өзгөртүү киргизе тургандыгы тууралуу «эркекче сөз» бериши керектигин айтты.

Абыкеев депутатка жооп кылып, «эркекче сөз» берерин айтты

«Эркекче сөз берем. Сиздердин бардык сунуштарды кабыл алам», — деди ал.

Андан кийин сөздү төрага Нурлан Шакиев алып, баяндамачыдан парламенттин трибунасында «эркекче» деген сөздөрдү колдонууга болбой турганын эскертти.

Аягында депутаттар аталган мыйзам долбоорун күн тартибин алып салды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version