Site icon Reporter.kg

Таласта чет элдиктер рим-католик чиркөөсүнүн идеологиясын үгүттөгөн

Талас облусунда Словакиядан келип, рим-католик чиркөөсүнүн (католицизм) идеологиясын үгүттөгөн чет өлкөлүк жарандардын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын уруксаты жок үгүт иштерди жүргүзгөн.

Чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын мыйзамдарын бузууга жол бербөө тууралуу эскертүү берилип, административдик айып салынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version