Бүгүн, 30-апрелде Талас шаарындагы мал базарда жоон топ адамдар «акча уурдоого» шектүү адамды кармады. Окуянын видеосу соцтармактарга жарыяланды.
Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, эл «уурулук кылган» деп кармалган адамды ур-токмокко алып, андан кийин темир мамыга байлап койгон.
Облустук милициядан билдиришкендей, эл 25-30 жаштагы адамды акча уурдады деп шектеп кармап алышкан.
Текшерүү учурунда аныкталгандай, өзүн 30 жаштагы Э.Ш. уулу деп тааныштырган жаранды эл «чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган» деп, мал базардагы электр жарык берүүчү темир карагайга колунан жана белинен жип менен байлап койгон.
Ошондой эле, милицияга М.И. жана К.Ж.уулу аттуу облус тургундары арыз менен кайрылып, бири 60 миң, экинчиси 6 миң сом акчасын уурдатканын билдирген.
Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан милиция бөлүмүнө алынып келген.
Белгилүү болгондой, шектүү — Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылынын 34 жаштагы А. Э. аттуу тургуну. Анын жанынан 35,2 миң сом акча табылып алынган.
«Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында аймактык ооруканага алынып барылып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилген жоктугу аныкталды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын алкагында шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз