Site icon Reporter.kg

Видео: Тыныбекова 0:5 эсебинде утулуп жатып, атаандашынан жеңишти сууруп алды

62kg WW - Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ) df. Orkhon PUREVDORJ (MGL)

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Zagreb Open рейтингдик мелдешинде чейрек финалга чыкты.

Тыныбекова таймашты квалификациялык баскычтан баштап, алкачкы беттешинде америкалык Адауго Нвачуквуну жеңди.

Андан соң 1/8 финалда кытайлык Яру Ву менен күч сынашты. Беттештин биринчи бөлүгүндө кытайлык балбан 5 упай топтоп, алдыга чыкты. Бирок экинчи бөлүктө Тыныбекова 6 упай топтоого жетишип, атаандашынан жеңишти сууруп кетти.

Чейрек финалда Тыныбекова бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Алина Касабиева менен күрөшөт.

Рейтингдик мелдеш: Тыныбекова биринчи атаандашын жеңди (видео)

 

Exit mobile version