Site icon Reporter.kg

Видео — Уханда кытайлык казак дарыгери бейтаптарга «кара жорго» бийлеп берди

Кытайдын Ухань шаарында этникалык казак Бахаргүл Бүдаш коронавирус жуктурган бейтаптарга «кара жорго» бийлеп берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасы жазып чыкты.

Учурда дарыгердин бийлеп жаткан видеосу интернетке жарыяланып, байтаптардын көңүлүн көтөргүсү келген дарыгерге карата жылуу пикирлер айтылууда.

Жакында эле кытай бийлиги өлкөнүн бардык аймагынан дарыгерлерди жыйнап, Ухан шаарына жиберген.

35 жаштагы хирург Бахаргүл Бүдаш Кытайдын Синьцзян аймагынан Ухан шаарына барган.

Соңку маалыматка караганда, Кытайда вирусту жугузуп алгандардын саны 47 миң адамга жетип, 1369 адам  жашоо менен кош айтышкан.

 

Exit mobile version