Видео — Жалал-Абадда мас абалында жол кырсыгына кабылган судья талкууга түштү

Видео — Жалал-Абадда мас абалында жол кырсыгына кабылган судья талкууга түштү

Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы мас абалда жол кырсыгына кабылды. Окуянын видеосун жергиликтүү телеканалдын журналисттери түнкү рейд учурунда тартып алышкан.

Видедодо айтылгандай, Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн биринде «Тойота» үлгүсүндөгү унаа «Дэу Нексия» унаасын сүзүп салган. Текшерүү учурунда «Тойота» унаасын башкарган аял кишиде тийиштүү эч кандай документтер жок болуп чыккан. Видеодо айдоочу документтер үйүндө экенин айтып, жол тескөөчүлөрүн “үйгө айдагыла” дегенин угууга болот.

Кабарчылардын суроосуна жооп берип жатып айдоочу судья болуп иштерин айткан.

Кийин мас абалында унаа башкарган айдоочу аял Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова болуп чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>