Site icon Reporter.kg

Видео: Кафеде кызды уруп жиберген жигит кармалды

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы кафеде кыз кишини салфетка салгыч менен башка уруп жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, Ысык-Көл райондук милицияга 25 жаштагы кыз арыз менен кайрылып, Чолпон-Ата шаарынын кафелеринин биринде жумуш учурунда белгисиз жаран эч себепсиз салфетка салгыч менен башына уруп, денесине залал келтиргенин билдирген.

«Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери, кафеде орнотулган видеокөзөмөлгө түшкөн тасманы изилдеп чыгып, көп узабай шектүүнү кармоого үлгүрүштү. Ал Чолпон-Ата шаарынын 27 жаштагы тургуну, мурда кылмыш жообуна тартылган Ы.Б. болуп чыкты. Шектүү катары кармалган жаран райондук милициянын тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн алып келинген», — деп билдиришти милициядан.

Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 280-беренеси (Ээн баштык) менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version