Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында «Вилла В» ресторанынан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 11:10дордо чыккан өрт 15:40та толук өчүрүлдү.
Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз