Виза жасап берем деп таанышынын 11 миң долларын алдап кеткен шылуун кыз колго түштү

Виза жасап берем деп таанышынын 11 миң долларын алдап кеткен шылуун кыз колго түштү

Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы «АКШга кетүүгө виза алып берем» деп элди алдап жүргөн шектүү кызды кармады. Бул тууралуу райондук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 5-июнда Октябрь райондук милициясына арыз менен Б.Б. аттуу жаран К. атуу чала тааныш кызына чара көрүп берүү үчүн кайрылган.

Арыздануучунун айтуусу боюнча, 2019-жылдын 9-ноябрында тааныш кызы Бишкектеги Байтик-Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафелердин биринде жолугушуп, АКШга кетүү үчүн виза жасатып берүүгө 11 миң 200 доллар алган. Бирок ал виза жасатып берем деген убадасын аткарбай качып кеткен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине  «алдамчылык» беренеси менен катталган.

Издөө иштеринин жыйынтыгында 1996-жылы туулган А.К. аттуу кыз кармалып, тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга дагы тиешеси бар-жогун аныктап жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>