Site icon Reporter.kg

Визаларды жасап сатууга шектелип пакистандык жаран кармалды

Жасалма визаларды даярдоо боюнча канал уюштурууга жана 100дөн ашуун электрондук визаны жасалмалоого шектелип пакистандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Пакистандын М.Т.К. аттуу жараны мыйзамсыз киреше табуу максатында Пакистандын башка жарандарына жасалма виза жасоо схемасын уюштурганы аныкталган.

Тактап айтканда, жогоруда аталган М.Т.К. башка пакистандык жаран М.А.га эки айлык мөөнөтү бар эки электрондук визаны 150 долларга сунуштаган. Ошондой эле кошумча төрт жылдык визаны ар бирин 1 миң 700 доллардан, жалпы 6 миң 800 долларга алууну сунуштаган. М.Т.К.нын талабы боюнча аванс катары ага 4400 сом которулган.

Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде М.Т.К. 87 миң 400 сом өлчөмүндө талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алган учурда кармалган.

М.Т.К. өздөрүнүн шериктери менен биргеликте Кыргызстандын аймагына келген мекендештери үчүн 100дөн ашык жасалма электрондук визаларды даярдашканы аныкталган.

Аталган пакистандык жаран учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version