Site icon Reporter.kg

Военно-Антоновка айылында 64 жаштагы аял өрттөн каза болду

пожар

Чүй районунун Военно-Антоновка айылында 64 жаштагы аял өрттөн каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, өрт Токтогул көчөсүндө болуп, үйдүн жыгач чатыры жана үй эмеректери күйүп кеткен.

Өрттөн 1957-жылы туулган аял каза болгон. Анын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Окуянын себептери иликтенип жатат.

Exit mobile version