Site icon Reporter.kg

Военно-Антоновка, Серафимовка. Чүй, Талас, Баткенде айылдардын аталышы өзгөрөт

Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айылдарынын аталышы өзгөрөт. Бул тууралуу Министрлер кабинети мыйзам долбоор иштеп чыкты.

Ага ылайык Баткен облусунда:

Говсувар айылы — Орто-Боз айылы;
Чимген айылы — Чымкен айылы;
Голбо — Алтын-Бешик айылы;
Маданият айылы — Айбике айылы;
Кыргызстандын 50 жылдыгы айылы — Миң-Жыгач айылы;
Чапаев айылы — Арча-Бешик айылы;
Дыйкан айылы — Чоко-Бий айылы деп өзгөрөт.

Нарын облусунда Жерге-Тал айыл аймагы  Эсеналы Дайракунов айыл аймагы деп аталат.

Ош облусунда:

Сары-Булак айыл аймагы — Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы,
Киров айылы — Кенжебай айылы болот.

Таласта:

Куру-Маймак айылы — Сатыкей айылы;

Покровка айыл аймагы — Семетей айыл аймагы;

Покровка айылы — Семетей айылы деп аталат.

Чүйдө:

Новомихайловка айылы — Бообек айылы;

Военно-Антоновка айыл аймагы — Кожомкул айыл аймагы;

Военно-Антоновка айылы- Кожомкул айылы;

Серафимовка айылы — Кебек-Бий айылы болот.

Exit mobile version