Волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Мелис Сейитказиев каза болду

Волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Мелис Сейитказиев каза болду

Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мелис Сейитказиев 75 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, анын сөөгү бүгүн, 17-декабрда Балыкчы шаарында жерге берилген.

Мелис Сейитказиев машыктыруучулук ишмердигинин алкагында волейболдун өнүгүшүнө зор салым кошуп келген.

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер жана эркектердин курама командаларынын азыркы капитандары Мелис Сейитказиевдин тарбиялануучулары.

Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мелис Сейитказиев 1945-жылдын 21-июнунда Баткен облусунда төрөлгөн. 1975-жылдан тарта Балыкчы шаарындагы В.В.Ленин атындагы №4 мектеп-гимназияда дене тарбия мугалими болуп 45 жыл эмгектенген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>