Site icon Reporter.kg

Волейбол: Кыргызстандын курама командасы Шри-Ланканы жеңип алды

Кыргызстандын волейбол боюнча жаштар курама командасы Борбордук зонанын командалары арасындагы Азия чемпионатын жеңиш менен баштады.

23 жаштан ашпаган оюнчулардан түзүлгөн командалардын катышуусундагы турнир Дакка шаарында (Бангладеш) 22-декабрда төрт команданын катышуусунда старт алды.

Тайпалык баскычта командалар «ар бири менен» бирден ойношот. Андан соң жарым финалдык жуптар аныкталат.

Тайпалык баскычтын 1-турунун алкагындагы беттеште Кыргызстандын курама командасы Шри-Ланка менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңишке жетти.

23-декабрда 2-тур оюнунда кыргызстандыктар Бангладеш менен беттешет.

1-турдун жыйынтыгы, 22-декабрь

Бангладеш — Непал — 3:0 (26-24, 25-22, 25-21)

Кыргызстан — Шри-Ланка — 3:1 (25-21, 25-22, 22-25, 25-18)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version