Кыргызстандын медиа коомчулугунун өкүлдөрү уникалдуу археологиялык табылга менен таанышты
Кыргыз Республикасынын өкүлү, Reporter.kg басылмасынын башкы редактору Эльвира Сатыбекова Воронеж шаарында өтүп жаткан II Эл аралык “Антициклон-2025” коомдук-саясий форумунун ишине катышты.
18 өлкөнүн делегаттары катышкан форумда эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды. Кыргыз тараптын катышуусу маалыматтык байланыштарды чыңдоого жана эл аралык деңгээлде кесиптик тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.
Делегаттардын бир топ кызыгуусун жараткан программанын өзгөчө пункту мамлекеттик археологиялык музей-корукка баруу болду. Катышуучуларга, анын ичинде Кыргызстандын өкүлүнө акыркы плейстоцен дооруна таандык мамонттун жакында табылган калдыктары көрсөтүлдү.
Бул табылга жогорку илимий баалуулукка ээ жана жергиликтүү бийликтин айтымында, аймакта илимий жана билим берүү туризмин өнүктүрүүгө стимул болот.