Site icon Reporter.kg

Вячеслав Володин Кыргызстанда — ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы жана коопсуздук маселелер

18-майда Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасыВячеслав Володин Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Россиянын жогорку даражалуу өкүлүн «Манас» эл аралык аба майданынан Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Россия Федерациясы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Элдар Сулайманов тосуп алышты.

Вячеслав Володиндин Кыргызстандагы сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр орун алды. Ошондой эле, Мамлекеттик Думанын төрагасы Бишкек шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынына катышты.

Сапардын бир бөлүгү катары, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барышты. Жаратылыш паркында Кыргызстандын парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Вячеслав Володин, Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Тажикстандын Оли Мажлиси өкүлдөрүнүн төрагасы Файзали Идизода катышты. Меймандар үчүн кыргыз маданиятын чагылдырган программа жана оюн-зоок көрсөтүлүп, руханий баалуулуктар даңазаланды.


Эртеси, 19-майда Бишкекте ЖККУ ПАнын Кеңешинин жыйыны өттү. Бул жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы жана ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери катышты. Аталган жыйындын алкагында мамлекеттер ортосундагы коомдук-саясий жана аскердик кырдаалды туруктуу сактоо, коопсуздукка залакасын тийгизген чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешип аракет кылуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров ЖККУ ПА Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алып, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана ЖККУнун алкагында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Мамлекет башчы терроризм, экстремизм, кибер коркунучтар жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу көптөгөн жаңы чакырыктарга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле, парламенттер аралык кызматташтык аркылуу өлкөлөр ортосундагытуруктуулукка жана элдердин бакубаттуулугуна жетишүү боюнча демилгелерди иштеп чыгуу маанилүү экенин баса белгиледи.

ЖККУ ПАнын Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылып жатканын жана ушул убакытка чейин аймактык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бир нече маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгиледи. Ал ошондой эле, Кыргызстан ЖККУга мүчө өлкөлөр менен тыгыз кызматташуу боюнча тынымсыз иш алып барууну көздөп жатканын айтты. Төрага мүчө мамлекеттердин парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн жана парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн аймактык коопсуздукту камсыз кылууга кандай өбөлгө түзөрүн айтып өттү.

Жыйында мүчө мамлекеттердин парламенти менен координацияны жакшыртуу, терроризмге каршы күрөшүү, санариптик коопсуздукту камсыздоо, биокоопсуздук жана чек аралык кылмыштуулукту азайтуу боюнча биргелешкен мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу керектиги баса белгиленди. Санариптик коопсуздук, кибер коркунучтарга каршы күрөшүү, ири инфратүзүмдөрдү коргоо жана жасалма интеллекттин жөнгө салынышы тууралуу маселелер көтөрүлдү. Ал эми парламентарийлер бул багытта туруктуу жана натыйжалуу иш жүргүзүү үчүн өз ара аракеттенип, күч-аракеттерди бириктириши керектигин айтышты.

Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында иш алып бара турган беш негизги багытты белгиледи. Алар тышкы саясатты бекемдөө, аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү, заманбап чакырыктарга каршы күрөшүү, парламенттераралык алакаларды арттыруу жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин ортосундагы тыгызкызматташтык жана мыйзамдардын бирдиктүү стандарттарга келтирилүүсү дүйнөлүк коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү экенин айтты.

Вячеслав Володин өз кезегинде, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ишмердүүлүгүндө парламенттердин маанилүүлүгүн белгилеп, уюмдун укуктук алкагын түзүү жана мүчө өлкөлөрдүн координациясын күчөтүү боюнча иштерди улантуунусунуштады. Мындан тышкары, ЖККУ ПАнын бардык катышуучуларын өз ара аракеттенүүнүн жаңы натыйжалуу жолдорун табууга жана ишке ашырууга чакырды.

Жыйындын аягында ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүдө жетишилген ийгиликтерди ЖККУ алкагындагы кызматташтыктын жакшы мисалы катары белгиледи. Жыйынга катышкан башка мамлекеттердин жетекчилери аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулап, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун күчүжана аймактагы туруктуулук үчүн маанилүү экенин билдиришти.

Exit mobile version