Ядролук куралга бардык өлкөдө тыюу салынсын же уруксат берүү керек

Ядролук куралга бардык өлкөдө тыюу салынсын  же уруксат берүү керек

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Нью-Йорктогу БУУНун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында сүйлөп жатып, ядролук куралды айрым өлкөлөр кысым көрсөтүү катары пайдаланып жатканын адилетсиздик деп баалады. Бул тууралуу РИА новости жазды.

“Биз адилетсиздик маселелердин бет алдына турабыз. Ядролук куралы барлар аны колдонбогондорго кысым көрсөтүү катары пайдаланып келет. Биз буга тыюу салуубуз керек же баарына уруксат берүүгө тийишпиз”, — деди Эрдоган.

Муну менен бирге түрк президенти БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоого чакырды.

«Дүйнөдө 5 өлкө менен эле чектелбейт. Бул менталитеттен арылууга качан эле убакыт келген”, — деген ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>