Site icon Reporter.kg

Январь айынын соңунда «Ак-Жол – автодорожный» өткөрүү жайынын курулуш иши башталат

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, 2020-жылдын январь айынын аягында «Ак-Жол–автодорожный» заманбап көзөмөл-өткөрүү жайынын курулуш иштери башталат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Ак-Жол – автодорожный» көзөмөл-өткөрүү жайын модернизациялоо жана реконструкциялоо маселеси боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

«Баарыбыз ушул көзөмөл-өткөрүү жайы эң жандуу пункттардын бири экенин жакшы билебиз. Ошондуктан бардык иштер тез жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү керек. Ошол эле учурда оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда мамлекеттик чек арадан жөө өткөндөр үчүн убактылуу көпүрө куруу мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек. Автотранспорт үчүн чек ара жабык болорун жана унаалардын агымы башка жакынкы көзөмөл-өткөрүү жайларына багыт аларын эске алып, чек ара кызматынын кызматкерлеринин санын көбөйтүү керек. Бул иштер бардык жарандарга шарттарды түзүү үчүн жасалууда», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Өкмөт башчы жасалган иштер бардык курулуш ченемдерине жооп бериш керектигин белгиледи.

Маалымдама:

«Ак-Жол – автодорожный» көзөмөл-өткөрүү жайын оңдоп-түзөө үчүн 2020-жылдын январь айынын соңунда жабуу пландалды. Бардык иштер аяктагандан кийин бул пункттун өткөрүү мүмкүнчүлүгү үч эсе жогорулайт. Бул жерде бөлмөлөрдүн саны көбөйөт, алар аркылуу паспорт көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүп, ошондой эле автотранспорт каражаттары текшерилет.

Exit mobile version