Site icon Reporter.kg

Бир айда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 727 факты катталды

Кыргызстанда ушул жылдын январь айына карата үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 727 факты катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Мындай маалымат ички иштер министри Улан Ниязбеков үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча өткөргөн онлайн кеңешмеде айтылды.

Белгилүү болгондой, январь айында 727 үй-бүлөлүк зомбулук фактылары аныкталып, анын көпчүлүгү Бишкек жана Чүй областында катталган. Зомбулук жасаган адамдарга карата 632 убактылуу коргоо ордерлери берилген.

Exit mobile version