Site icon Reporter.kg

Январда кыргыз-кытай чек арасы 4 күнгө жабылат

Кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери 1-январдан 3-январга чейин транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүүгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган көзөмөл өткөрүү жайлары 4-январдан тарта атайын алгоритм боюнча Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүүгө ишин улантат.

Exit mobile version