Япония чет өлкөлүктөрдү Олимпиадага эмдөөсүз киргизет

Япония чет өлкөлүктөрдү Олимпиадага эмдөөсүз киргизет

Япония бийлиги Токио Олимпиадасына чет өлкөлүктөргө милдеттүү түрдө коронавирус эмдөөсүз жана карантинсиз катышууга уруксат берди. Бирок сөссүз түрдө кирген адамдар COVID-19га тапшырган тестинин «терс» көрсөткүчүн көзөмөлдөөчү тиркемени жүктөп алуусу шарт. Бул тууралуу championat.com басылмасы жазды.

Ошондой эле Япония туристтердин коомдук транспорт тутумун колдонуусуна чектөө койбойт деп маалымдалды.

Японияда коронавирустун жайылышын чектөө үчүн киргизилген учурдагы чектөөлөргө ылайык, саякатчылар келгенден кийин 14 күн өзүн-өзү изоляциялап, байланыш издөө тиркемесин колдонушу керек.

Токиодогу Жайкы Олимпиада алгач 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам, мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүлөт. Ошол эле учурда Токио-2020 оюндарынын аталышы сакталып калган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>