Японияда кафе ачкан кыргызстандык Асел Минагава алгачкы кардарлар келе баштаганын Twitter баракчасына жазды.
Асел менен Теру Минагава Фукуока шаарында жашашат. Алар көптөн бери ресторан ачууну кыялданып жүрүшкөн. Жубайлар ресторан ачуу үчүн бардык күчүн жумшашкан. Алар ачылыш аземге даярданып жаткан учурду социалдык тармакка жарыялашып, 29-ноябрда ресторанын ачышкан. Бирок алардын ресторанынын ачылышына эч ким келген эместигин айтып, Асел көзүнө жаш алган. Аселдин ыйлап жатканын жолдошу тартып алган. Ал видеосу социалдык тармакка тарап, катталуучулардын колдоосун алган.
Ребята! Это победа! Мы с вами вместе это сделали! Мой первый посетитель! Я вышла на улицу и начала звать всех, из всех 10 пришла она! Поела блины с творогом и кофе попила! Сказала, что было очень вкусно и привезёт своих друзей! Я так рада ????? pic.twitter.com/X1KIkTpZLb
— asel.minagawa (@AselMinagawa) 5 декабря 2019 г.