Японияда жумуштан эки мүнөт эрте чыккан чиновниктер жазаланды

Японияда жумуштан эки мүнөт эрте чыккан чиновниктер жазаланды

Японияда жумуштан эки мүнөт эрте кеткен мамлекеттик кызматкерлер жазаланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, билим берүү башкармалыгында иштеген жети чиновник саат 17:17де каттаган автобуска кечигип калбоо үчүн ишинен 17:13тө чыгып кетишкен. Ал эми алардын жумуш убактысы саат 17:15те бүтөт деп көрсөтүлгөн.

Алардын шашып чыгып кетүүсүнө кийинки автобустун жарым саатта келе турганы себеп болгон.

Ал эми мамлекеттик кызматкерлерге сөгүш жарыяланып, иш графигине туура эмес убакыт киргизген кызматкердин маянасын үч айга кыскаркан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>