Site icon Reporter.kg

Япониядагы Бүткүл дүйнөлүк ЭКСПО-2025 көргөзмөсүндө Кыргызстандын Улуттук күнү өттү

Бүгүн, 6-июнда Япониянын Осака шаарында Бүткүл дүйнөлүк ЭКСПО-2025 көргөзмөсүндө Кыргызстандын Улуттук күнү өттү. Ага өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада ата мекендик артисттер, маданият жана искусство чеберлери улуттук каада-салттардын жандуу чыгармачылыгын тартуулашты.

Аземде Эдил Байсалов куттуктоо сөз сүйлөп, Кыргызстандын ЭКСПО-2025ке катышуусунун маанилүүлүгүн өлкөнүн маданий мурасын жана экономикалык потенциалын көрсөтүү үчүн уникалдуу аянтча экенин белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын улуттук күркөсүнүн экспозициясы менен таанышты. Эдил Байсалов Япониянын жана көргөзмөгө катышкан башка өлкөлөрдүн күркөлөрүндө болуп, ЭКСПО-2025тин негизги тематикалык багыттары боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнүн урматына ЭКСПО-2025 көргөзмөсүндө салтанаттуу кабыл алуу уюштурулуп, анда жапон тараптын, дипломатиялык корпустун жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү кыргыз маданияты, улуттук тамак-ашы жана өлкөнүн инвестициялык потенциалы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Exit mobile version