Site icon Reporter.kg

Үч адамдын өлүмү: Ашыралиевге качан өкүм чыгары айтылды

Быйыл 16-февралда Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевге болжол менен канча отурумдан кийин өкүм чыгарылары айтылды.

Иш Октябрь райондук сотунда каралууда. Биринчи отурум 11-июлда болуп өткөн. Соңку процесс 27-октябрда өтүп, сот кылмыш иштин материалдарын изилдөөгө киришти. Анда тергөө маалында жүргүзүлгөн экспертизанын корутундулары окулуп, Ашыралиев тергөө амалдары учурунда кылмышты кантип жасаганы тууралуу айтып бергени тартылган видеосу көрсөтүлдү. Иштин материалдарын толук карап чыгууга убакыт жетпегендиктен, кийинки отурум 31-октябрга белгиленди. Андан соң соттук процесс 3-ноябрда болуп өтөт.

Коомчулукта айыпталуучуга өкүм чыгаруу создугууда деп сындар айтылып жаткандыктан, Reporter.kg Чынтемир Ашыралиевге болжол менен канча процесстен кийин өкүм чыгарын тактап көрдү. Маалым болгондой, бүгүн, 27-октябрдагы процесстен кийин дагы 3, эң көбү 4 соттук отурумдан соң Ашыралиевге өкүм чыгат. 31-октябрда боло турган процессте иштин материалдарын изилдөө улантылып, убакыт жетиштүү болсо, жабырлануучу жана айыпталуучу тарап жарыш сөзгө өтөт. Жарыш сөз 1 же 2 отурумга созулушу мүмкүн. Ал тараптардын канча убакыт сүйлөй турганына көз каранды. Жарыш сөз аяктагандан кийин айыпталуучуга акыркы сөз берилет. Акыркы сөз айтылган отурумда сот өкүм чыгарат. Мындан улам иштин материалдарын изилдөөгө, тараптардын жарыш сөзүн жана айыпталуучунун акыркы сөзүн угууга, андан кийин өкүм чыгарууга баары болуп 3, эң көбү 4 соттук отурум керек болот.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталууда. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Сотто Ашыралиевдин үч адамды кантип өлтүргөнүн айткан видеосу көрсөтүлдү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version