Site icon Reporter.kg

Үч айда республикалык бюджеттин чыгашасы 68,3 млрд сомду түздү

Быйылкы жылдын үч айында республикалык бюджетке 66 млрд 344,6 млн сом киреше түштү. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Бишкектеги маалымат жыйында Каржы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директору Улан Даникеев билдирди.

Анын айтымында, быйыл биринчи кварталда 60 млрд 856,7 млн сом киреше чогултуу пландалган. План 5 млрд 488,4 млн сомго ашыкча аткарылган.

Ошол эле учурда, бюджеттин чыгашасы 68 млрд 349,8 млн сомду түзгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version