Site icon Reporter.kg

Үч баласы калды. Ошто келин өз жанын кыйды

Бүгүн, 20-октябрга караган түнү Ош шаарында үч балалуу келин өз жанын кыйды. Бул тууралуу аталган шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя тууралуу Ош милициясы толук маалыматты кийинчерээк берерин айтышты.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, өз жанын кыйган келиндин болжолдуу жашы 25 жаштарда болгон. Ал мындан 2-3 күн мурда жолдошу экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен өзүнүн ата-энесинин үйүнө келген. Келиндин сөөгү төркүнүндө асылган абалда табылган.

Exit mobile version