Site icon Reporter.kg

Үч эм төрөгөн эне жардамга муктаж. Министр кандай жардам берилерин айтты  

Жогорку Кеңештин 23-июндагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров Ош облусунда үч эм төрөгөн эне өкмөттүн жардамына муктаж экенин айтты.

Анын айтымында, ага үч эм төрөгөн Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн тургуну кайрылган.

“Ал жакында эле үч эм төрөптүр. Турмуш шарты оор экен. Мамлекет тарабанын кандай жардам болот? Балким батир берилеби же мыйзамдын алкагында кандай жардамдар каралган?”, — деп сурады.

Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев мыйзам чегинде үч эм же андан көп төрөгөн энелерге өкмөт тарабынан сүйүнчү катары ар бирине 50 миң сомдон каралганын айтып, “жергиликтүү бийлик дагы шарттарына жараша кошумча жардам көрсөтөт. Биз демөөрчүлөрдү издеп, ага жардам берели”, — деди.

Ал эми депутат: “Үч эм төрөгөн эненин 7 баласы бар экен. Жаш үй-бүлөнүн үйү дагы жок. Айыл өкмөт дотацияда тургандыктан, жер үлүшүн дагы албаптыр. Аларга жардам көрсөтүүнү өтүнөм”, — деди.

Exit mobile version